Садыр Жапаровдун карындашы "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагынын жеңүүчүсү аталды

Бишкекте кечээ, 29-декабрда "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагы болуп өттү. Анда сынактын жеңүүчүсү деп Лазат Нуркожоева табылган. Бул тууралуу социалдык тармактарга маалыматтар тарап, видеолор жарыяланды.

Жеңүүчү президенттик кызматка талапкер болуп жаткан Садыр Жапаровдун карындашы экенин бир нече маалымат булактары жазды. Ага ылайык, "Кыргызстан сулуусу-2020" наамынын ээси Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровдун кызы.

Жеңүүчү 2000-жылы туулган. Видеодон көргөндөй, Лазат Нуркожоева BMW Х5 унаасын утуп алган.

Жеңүүчү кыздын Инстаграм баракчасынан Садыр Жапаров, анын уулу жана башка туугандары катталганын көрсө болот.

Садыр Жапаровдун карындашы "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагынын жеңүүчүсү аталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
marat_1910
2020-12-30 13:02:05
ай атан кору эми ушу жаш кызды да политикага аалаштыры ийдинерби
+23
Muslim_KGstana.
2020-12-30 13:08:30
Олдууууго иииииии
+10
bond02
2020-12-30 13:25:47
Ээй качан коз карандысыз болуп жашаганды уйронобуз, кимде бийлик ошону колдомой ошого подхалимдик кылмай.
+22
Erlan_95
2020-12-30 13:33:58
Сулуусу сулууэкен бирок эч жылдызы, суйкуму жок экен. Уошомат кп эле берип коюшту да.
+25
Nursul
2020-12-30 13:49:34
Акыркы сүрөтүн болушунча жасашкан экен
+10
azhunushaliev
2020-12-30 13:50:38
кошоматчылык ушнчалыка жетти чек жок
+10
nur090909
2020-12-30 13:55:03
Эмнеге эле ичеңер тарып,жаман коммент жазып жатасыңар. Кыздын сахнага чыкканын, видео роликтерин көргүлөчү. Эмне болсо эле, кошоматчылык деп, жамандап жатып калбай. Кенен болгулачы, ичти кенен кылгылачы.
-17
Suior85
2020-12-30 14:07:54
Конечно андан башка ким болот эле.Пока ити чоп жеп жатканда байкесинин.
+12
nurka_85
2020-12-30 14:15:38
Таланты, келбети топ келишсе утса уткандыр да, анын эмнеси бар экен. Эми Садырдын тууган уругу Садыр президент болот деп баары жайлоого мал багып кетишсинби? Колунан келсе иштей беришсин, Ута беришсин. Чындап эле татыктуудур. Байкуштардын ыйы кудайга жеткидей эле болду го. Ал чыкканча өлө жаздадык,бийликти жамандап, Эми келейин десе дагы буттан тартып олуп баратабыз. Пейилди кенен коюп, ниетти туздойлучу!
+3
ai_bi0914
2020-12-31 13:28:13
nurka_85,Чыын.Өз күчү менен алгандыр мүмкүн.
0
EddieNigma
2020-12-30 14:58:19
Негативный комментарийлерде плюстар көпко. Садырдын күбөлөрү занят окшойт, кечирээк кирсенер азыркы плюстар, минуска айланып калышат)))
+6
Amant
2020-12-30 15:07:57
Акыйкатта сулуу кыз экен моледец бул кыз мисс болсо Садыр Жапаровко неге асыласынар. Озу ошо нерсени кылалбайт кылса короалбайт бекеринен айтылган эмес молодец карындаш браво
+4
Nina.alex
2020-12-30 17:11:52
Уят. Ужас
+1
roksalana
2020-12-30 17:25:08
Как бессссит Жамгырчиева!
-5
KaGaH
2020-12-30 22:07:48
Мен садыр Жапаровду колдойм,бирок бул жерде кошоматчылыкты көрүп турам уюштуруучулар тараптан,бул кыз сулуу деле эмес экен
+3
Real_mir
2020-12-31 04:18:11
Ким эмнени утуптур,Садыр Жапаров утупбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан