Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушунун 50 жаштагы Т.Т. аттуу тургунун дүкөнүнө бирөөлөр кирип, аны коркутуп 7 миң сом акчасын, 5 миң сомдук азык-түлүгүн алып кетиптир. Бул тууралуу ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 2-октябрда болгону айтылды. Көп өтпөй кылмышка шектелип Ош облусунун 34 жаштагы тургуну М.А. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.