Мамлекеттик маданий мекемелерге фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликте "фонограмма жөнүндөгү" мыйзам талкууланып, ага министр Нуржигит Кадырбеков, композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, музыка чөйрөсүнүн жоон тобу катышты. Талкуу учурунда колдонуудагы мыйзамдын ченемдери так аткарылбай, бүгүнкү күндөгү маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар, шөкөттөлгөн ырлар басымдуу болуп жаткандыгы каралды. Мунун алдын алууда, жандуу үн менен концерт берүү багытына басым жасап, элди алдоодон алыс болушу керек деген пикирлер айтылды.
"Талкуу учурунда эстрада багыты боюнча чет элдин тажрыйбаларын колдонуу, жаш өсүп келе жаткан кадрларды окутуу, эстрадалык оркестрларды көбөйтүү, чыгармачылык деңгээлди көтөрүү жана аранжировка багыттары талкууланды. Ошону менен катар аталган мыйзамдын негизинде жакынкы аралыкта Маданият министрлиги тарабынан мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салган буйрук чыгары айтылды", - деп жазылат маалыматта.