Волейбол боюнча улуттук кураманын мурдагы оюнчусу Ильмир Имирханов каза болду

Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын мурдагы оюнчусу, волейбол федерациясынын мурдагы башкы катчысы Ильмир Имирханов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ильмир Имирханов 28-декабрда каза болгон. Ал коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, Москва шаарынан дарыланып келген. Анын сөөгү бүгүн, 30-декабрда саат 16:00дө Чүй облусунун Манас айылында жерге берилди.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Ильмир Имирхановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан