Калк башына түшкөн оор күндөрдө көрсөткөн жардамдары үчүн "Исмаил Матраимов" фонду "Жылдын мыкты кайрымдуулук фонду" деп аталды

2020-жыл Кыргыз өлкөсүндө эле эмес, деги эле дүйнө жүзү үчүн оор жылдардын бири болгондугу баарыбызга маалым. 2020-жыл кирип келери менен дүйнө жүзүн коронавирус инфекциясы каптап, көптөгөн өлкөлөр ири экономикалык чыгымга учураса, дүйнө элинин көпчүлүк бөлүгү вирустун айынан жумушсуз калды.

Кыргыз мамлекети дагы коронавирус пандемиясынын зыянын тартты. Вирус учурунда көптөгөн мекендештерибизден айрылдык. Ошол эле учурда вирустун айынан көптөгөн мекендештерибиз жумушсуз, үйдө отуруп калышты. Дал ошол маалда кыйналып турган элге, күнү-түнү иш үстүндө болгон дарыгерлер менен милиция кызматкерлерине чоң жардам бергендиги үчүн "Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду "Жетиген" журналы уюштурган жыл мыктыларын аныктоодо "Жылдын мыкты кайрымдуулук фонду" наамына ээ болду.

2020-жылдагы мыкты кайрымдуулук фонд аталган "Исмаил Матраимов" фонду тарабынан коронавирус пандемиясы маалында элге чоң жардам берди. Кайрымдуулук фонд саламаттыкты сактоо тармагына 19 ИВЛ аппараттын, 20 миң эксперсс-тест, 250 миң медициналык бет кап, 500 коргоочу кийим, 500дөн ашуун коргоочу көз айнек, тепловизор, республикалык фонддун эсебине 10 миллион сом, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 миң 500 тоннадан ашык ун, 50 тонна өсүмдүк майы таратылган. Бишкек шаарындагы жаңы конуштарга: 20 тонна азык-түлүк салынган баштыктар, күнү-түнү коопсуздук үчүн кызмат кылган милиция кызматкерлерине чейин ун жана өсүмдүк майлары таратылган.

"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду өлкөнүн жети дубанын дагы пандемия маалында унутта калтырган жок. Фонд Ош облусуна: 225 тонна ун, 70 миң даана медициналык бет кап, 13 жарым тонна өсүмдүк майы, 430 даана медициналык коргоочу кийимдер;

Нарын облусуна: 50 тонна ун, 3 тонна өсүмдүк майы;

Талас облусуна: 150 тонна ун, 3 миң даана медициналык бет кап;

Баткен облусуна: 150 тонна ун, 10 миң даана медициналык бет кап, 9 тонна өсүмдүк майы;

Чүй облусуна: 280 тонна ун, 20 миң даана медициналык бет кап;

Жалал-Абад облусуна: 210 тонна ун, 50 миң даана медициналык бет кап, 8 тонна өсүмдүк майы;

Ысык-Көл облусуна: 100 тонна ун, 6 тонна өсүмдүк майы фонддун эсебинен таратылды.

Мындан тышкары, фонд пандемия маалында Орусиядан келген мекендеш дарыгерлерибизди аэропорттон жылуу тосуп алып, тамак-аш, жатакана жана айлык маяналары менен камсыздаган.

Ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында 2 стационар фонд тарабынан ачылып, 30 күн бою бейтаптарды акысыз кабыл алган. Республика боюнча акысыз рентген кызматы иштеген. Коронавирус инфекциясы күчөп турган маалында элдин ден соолугу үчүн "Исмаил ата" фонду бейтаптарга бардык шарттарды түзүп берген.

Фонд тарабынан жалпы 19 ИВЛ аппаратты тапшырылган. "Исмаил Матраимов" фонду Сокулук районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканасына "Тез жардам" унаасын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан