Тун наристеси менен Жаңы жылдык фотоссесия жасаган белгилүүлөр

Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында Жаңы жылга ата-эне макамы менен кирип, майрамды тун баласы менен тоскон белгилүүлөр жок эмес. Арасында Жаңы жылга өзгөчө даярданып, үй-бүлөлүк фотосессия жасагандары да болду. Бул жолу тун наристеси менен Жаңы жылды утурлай эстеликке сүрөткө түшкөн жуптарды топтодук.

Ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека кызы Ариана болуп майрамдык фотосессия жасашты.

Ырчы Максат Садырбеков менен Айсулуу Модалиева кызы Миа болуп Жаңы жылдык фотосессия жасап, андагы сүрөттөрү менен бөлүштү.

Актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков менен жубайы Чолпонай да, бул жылды уулу Иман менен тосушту.

Актриса жана бийчи Назбийке Айдарова жана "Тумар КР" тобунун мурунку бийчиси Саламат Абдырахманов дагы уулу менен Жаңы жылдык фотосессия жасашты.

Yella каймана аты менен белгилүү ырчы Назгүл Токтакунова менен жолдошу Кубаныч Бакытов да Уй жылын ата-эне макамы менен тосушту. Түгөйлөр майрамды утурлай кызы Амелия менен Жаңы жылдык сүрөттөргө түшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Siren90
2021-01-02 01:01:02
Максат Садырбековдун кызы ширин экен го
+1
i-bilim
2021-01-05 11:03:14
Бардык бала ата-энеси, жакындары үчүн чоң бакыт, кубаныч, эрмек... Ошолордун кучагында бактылуу балалыкта чоңое беришсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан