Индия: Ири жол кырсыгы болуп, 28 адам каза тапты

Индиянын Ассам штатында ири жол кырсыгы катталып, 28 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты. Маалыматтар боюнча, оор жүк ташуучу унаа эки кичи автобус менен сүзүшүп, унаалар жол жээгинен чыгып аңга түшүп кеткен. Талкаланган унаалардын арасынан 13 жаш баланын жана 15 улуу адамдын сөөгү табылды. Дагы 20 киши түрдүү жаракат алган. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Гоа шаарынан Мумбайды көздөй сапар алган автобус көпүрөдөн кулап, 37 адам каза тапкан болчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан