Оор салмактагы бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, атактуу америкалык мушкер Майк Тайсон 2021-жылы беттешүүгө даяр экенин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялагандыгы тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Америкалык 54 жаштагы мушкер Майк Тайсон бокстун башка мушкерлеринин беттешүүгө даяр экендигине таасирленип, 2021-жылы беттешүүнү улантарын билдирген. Мушкер "бул жолку беттешүү өзгөчө өтөт" деп баса белгилеген. Бул билдирүүсүнө анын мурунку атаандашы Эвандер Холифилд жооп берип, аны менен кайрадан мушташууга даяр экендигин билдирип чыкты.
Майк Тайсон акыркы жолу 2020-жылдын 29-ноябрында АКШнын Калифорния штатында мушкер Рой Жонс менен болгон беттеши тең чыгуу менен аяктагандыгы маалымдалган.