"Кыргыз өлкөсү, Түркия, Орусия". Кыргыз мушкери Кямран Аббасов Хабиб Нурмагомедовдун менеджерлери менен иштешет

"One FC" уюмунун чемпиону, 27 жаштагы кыргыз мушкери Кямран Аббасов белгилүү "Dominance MMA" (MMA үстөмдүгү) менеджердик компаниясы менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган компаниянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Бул менеджердик компаниянын UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун менеджерлери Али Абдель-Азиз жана Ризван Магомедов менен келишими бар. Эми Кямран Аббасов аталган менеджерлер менен иштешет.

Өз кезегинде Кямран Аббасов жарыяланган посттун алдына "Кыргыз өлкөсү, Түркия, Орусия" деген билдирүүсүн калтырды.

Кямран Аббасов 1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Буга чейин анын Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документ тапшыргандыгы кабарланган. Кийинчерээк Аббасов эмне себептен Орусиянын жарандыгын алууну чечкендиги боюнча түшүндүрмө берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан