Бүгүн, 4-январь күнү түндө футбол боюнча Италия чемпиондугунун ("А" сериясы) алкагында туриндик "Ювентус" командасы өз үйүндө "Удинезе" футболдук клубун кабыл алды.
Оюндун 31 жана 70-мүнөттөрүндө чабуулчу Криштиану Роналду гол жаратты. Муну менен Роналду карьерасындагы официалдуу оюндарда 757 жана 758-голун жаратып, легендарлуу футболчу Пелени артка калтырды. Пеле карьерасындагы 812 официалдуу оюнда 757 гол жараткан.
Голдордун саны боюнча абсолюттук рекорд чехиялык чабуулчу Йозеф Бицанга таандык. Ал 1931-1955-жылдар аралыгында 759 гол киргизген.
Буга чейин Пеленин бир клуб үчүн жараткан голдорунун рекордун аргентиналык футболчу Лионель Мессинин жаңылаган.
"Ювентус" - "Удинезе" (4:1);
Голдор: Криштиану Роналду (31,70-м), Федерико Кьеза (49-м), Марвин Зегелар (90-м), Пауло Дибала (90+3-м).