Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 47-колонияга которулду. "Үй камагына чыгаруу туура болмок" дейт жактоочусу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан 47-колонияга которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев кабарлады.

Анын айтымында, Атамбаевди үй камагына чыгаруу туура чечим болмок.

"Алмазбек Атамбаев 28-декабрда ден соолугуна байланыштуу колонияга которулду. УКМКнын СИЗОсуна караганда 47-колониянын шарттары албетте жакшы. Бирок, ал шарттар да Атамбаевдин ден соолугуна тиешелүү кам көрүү үчүн жетишсиз болууда. Буга байланыштуу аны үй камагына которуу туура болмок деп эсептейбиз. Бирок, мындай чечимди чыгаруудан соттор баш тартышууда", - деди Жоошев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары, кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу жана башка фактылар боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон. Ал 2019-жылдан бери абакта болуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sultan_bek
2021-01-04 11:57:47
Атамбаев мыкты президент болгон убагында. Азыр Атамбаевти калп эле кармап жатышат. Коркуп датышат. Дагы эмнени айтып жиберет деп. Кийинки келген президенттер эч нерсе кыла алышпайт. Убагында Соке сийип кетпедиби. Атамбаевти мин жамандашсын ушакчылар, коро албастар, а бирок терен караган кишиге Атамбаев мыкты болгон. Убакыт коргозот. Садыр деле оор кылмыш учун бир кундо акталып кетти. Азыр президент болом деп тайрандап журот. Биз жарыбай калдык.
-10
Jonisem
2021-01-04 12:02:54
sultan_bek, эл тараза ким эмне иш кылганы белгилүү Атамбаев тарапташы окшойсун Садыр ага эми иштеер убакыт берели
+9
aizbek
2021-01-04 17:46:12
sultan_bek,качан эмне иш кылды эле айтып берчи,дабдырап ар создун башын бир суйлоп аркимден карыз сурап эле басып журчу,калппы же,30жыл срок бериш керек ага,
+1
erik3
2021-01-04 12:06:14
Атамбаевти миң ушактар каптаса да, Акаев, Бакиевтерге, Сокеге караганда мыкты иштеген. АШАнын убагында коптогон ийри проектилер ишке ашып, коптогон жолдор онолгон. Карыз болсок да жолдор онолоуп элге женилдик болду. Ичти-жеди кылып туруп, бир кундо камап койду. Чыныгы ичип жегендер жыргап эле жашап жатышат. Кыргыздарга мин жакшылык кылсан да жарашпайт экен. Эртен эле сатып кетет, жамандап кетет, жакшылыгына тукуруп кете турган эл экенбиз.
-6
Donikg
2021-01-04 12:31:19
Сокенди билбейм Бакиевге бирда президент жетпейт ал иштеген ишти эч ким кыла элек ошол Сокени силер шайладынарго АШАнын айтуусу менен
+10
Asanali
2021-01-04 12:10:29
Жактоочунун башы иштейби, акчаны алып алып эле ойуна келгенди айта бересинби. Куноосу бар болгону учун отурат, жооп берсин.
+2
erik3
2021-01-04 12:18:36
Asanali,Куноосу туруп Садырга окшоп чан тополон которгондор, Ташиевке окшоп забордон секиргендер эмне бийликте талтайып олтурушат. Буларды ким бир кундо актап койду. Булардын да орду турмодо эмес беле. Мыйзамды Ташиев м-н Садыр менчиктеп алдыбы. Садыр Жапаров кантип эл башкарам деп журот. Калыс айткан киши барбы, жок. Садыр дегенде калпын да чындыка ооштуруп, акыйкатсыздыкты да, акыйкат деп жаткан эл онукпой калды. Садыр кантип суттон аппак боло калды.
-11
Kuban-1207
2021-01-04 12:26:09
Садыр алга
+1
xnurgul_gul
2021-01-04 13:40:18
Кыргызстан тарыхында татыктуу Президент Курманбек Салиевич болгон.
+3
Mamytovv_n
2021-01-04 13:58:26
Убагында башкаларды да ушундай кыйнаган камактан чыгарбай эми журо берсин колонияларга которулуп
+5
Rysbekkg-78
2021-01-04 14:07:03
Жанагында Азаттыктан айты го мойунга алыш керек 2007-2008 жылдары экономика жакшы болчу деп дагы бир кызыгы союзтарагандан бери Кыргызстан бюджеттин эсебинен Камбар Ата курулган биринчи жолу аны да жакшы иштете албай койушту
Датка ТЭЦ ж.б Кытайдан карыз алып курулган
-3
umarbey
2021-01-04 15:23:32
Ubaginda Sadirdin atasina topurak salganga jiberbey koygon Atambaev emes bele? Emi kantip kaysi betin menen uy kamagin surap atasin?
0
Chungyz
2021-01-04 15:46:38
Путинден пенияга акча келсе чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан