Аргентиналык машыктыруучу Маурисио Почеттино Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу "ПСЖ" футболдук клубунун расмий сайтына жарыяланды.
48 жаштагы Маурисио Почеттино "ПСЖ" футболдук клубунда 2001-2003-жылдары ойноп кеткен. Почеттино буга чейин Англиянын "Тоттенхэм" клубун 2019-жылдын ноябрь айына чейин машыктырып, андан кийин жумушунан алынган.
"ПСЖ" клубу 17-турдан кийин Франция чемпиондугунда (Лига 1) 35 упайы менен үчүнчү орунда келе жатат. Почеттинонун жетекчилиги астында "ПСЖ" клубу алгачкы оюнун 6-январда "Сент-Этьен" клубуна каршы өткөрөт.