Жугуштуу болсун! 2021-жылы үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жаткан белгилүүлөр

Белгилүүлөрдүн дээрлик ар бир кадамы элдин назарында. Бул ирет Уй жылында үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп, ата-эне болуу бактысын татайын деп жаткан белгилүүлөрдү тизмектеп көрдүк.

"Style Mix" триосунун ырчылары Илима Дүйшөналиева менен Адилет Эркинбек уулу үй-бүлөсүндө толуктоо күтүүдө. Түгөйлөр 2018-жылы март айында уулдуу болушкан.

Ырчы Омар менен жубайы Диана айым дагы экинчи ирет ата-эне макамын алуу алдында турат. Жубайлардын ортосунда бир кызы бар.

Модель жана актриса Эркайым Абдуллаева дагы экинчи ирет кош бойлуу экенин, Уй жылында үй-бүлөсүндө толуктоо күтүп жатканын билдирген.

Куудул жана алып баруучу Гүлжайна Атаканова да кош бойлуу экенин ачыктап, курсактагы баласына 5 ай болгонун айткан. Гүлжайна айым ЭКО жолу менен балалуу болууга жолдошу макул болгонун билдирген. Ал наристенин атасын азырынча айтпай турганын кошумчалаган.

Ырчы, "Жылаңач баатыр. Көл жээгинде..." долбоорунун финалчысы Кудайберди Айтбосунов менен жубайы дагы тун баласын күтүүдө. Түгөйлөр ушул айда эркек балалуу болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан