
Социалдык тармактарда тарап жаткан
Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 4 миң кызматкерин иштен алгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тилек Токтогазиев министрликке келгенге чейин эле 888 кызматкер иштеген. Интернетте тараган маалымат чындыкка дал келбейт.
"Учурда оптимизация процесси башталды, бирок, алгач жаңы структураны бекитүү керек", - деди басма сөз кызматкери.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарга Айыл чарба министрлигинин 4 миң кызматкери иштен алынып, 800 гана адам иштеп жаткандыгы боюнча маалымат жарыяланган.