Малик Аликеев: "Эки кадам таштап акырындан басып жатам"

Ырчы Малик Аликеев өткөн жылы кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып төшөктө жаткан. Ага июль айында операция жасалып, ооруканадан чыккандан кийин Таласта жүргөнү кабарланган. Ырчыны Жаңы жылы менен куттуктап байланышканыбызда, жакшы кабары менен бөлүштү.

"Учурда дагы деле Таластамын. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы болуп калды. Күнүгө эки кадам таштап акырындан басып жатам, мындайча айтканда, тай-тай басып калдым. Басып калсам Бишкекке барып жеке концертимди коём деп жатам. Үйдө жатканда ыр жаздырайын деп студияда иштегендерди чакыргам, азырынча келе элек", - дейт ал.

Малик Аликеевге операция Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2021-01-05 08:09:41
Жакшы болуп кет, озунду озун жакшы кара,, теледен ырдаганыны королу
+3
Kadyrova_
2021-01-05 09:10:48
Жакшы жанылык экен.бирок...болинцада ичип алып тополон жасап жатат деген эленерго азыр ичпей калыптырбы?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан