3-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча "Наристе-2021" салттуу мелдеш старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдештин ачылыш аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, мелдештин калыстары жана катышуучулары катышты.
Канатбек Арпачиев бардык катышуучуларды мелдештин башталышы менен куттуктап, адилеттүү оюнду, ийгилик жана жеңишке умтулууну каалап кетти.
Бул жылы футзал боюнча "Наристе-2021" мелдешине Талас жана Жалал-Абад облустарынан тышкары өлкөнүн бардык облустарынан келген 57 команда катышып жатат.
Футзал боюнча мелдеш футзалды туруктуу өнүктүрүү жана аны республикада жайылтуу, ардагерлер арасындагы футзал мелдешин уюштуруу максатында өткөрүлүп жатат.
Мелдеш 2021-жылдын 8-январына чейин өткөрүлөт.