Бүгүн, 5-январь күнү түндө футбол боюнча Англия чемпиондугунун (АПЛ) 17-турдук оюнунун алкагында "Саутгемптон" командасы өз үйүндө фавориттердин бири болгон "Ливерпуль" футболдук клубун кабыл алды.
Оюн 1:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Оюн аяктагандан кийин "Саутгемптон" клубунун башкы машыктыруучусу Ральф Хазенхюттль эмоциясын жашыра албай ыйлап жиберди.
Муну менен "Ливерпуль" клубу турнирдик жадыбалда 33 упайы менен 1-орунда келе жатса, "Саутгемптон" командасы 29 упайы менен 6-орунга жайгашты.
"Саутгемптон" - "Ливерпуль" (1:0);
Голдор: Дэнни Ингс (2-м).