Сон Хын Мин 2020-жылдагы Азиянын мыкты футболчусу болду

Түштүк Корея улуттук курамасынын жана Англиянын "Тоттенхэм" футболдук клубунун чабуулчусу Сон Хын Мин 2020-жылы Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты футболчу болуп табылды. Сурамжылоону "Fox Sports Asia" басылмасы жүргүзгөн.

28 жаштагы Сон Хын Мин сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча жалпы 286 упай топтоп атаандаштарынан алда канча озуп чыккан. Ал эми экинчи орунга "Зенит" футболдук клубунун ирандык чабуулчусу Сердар Азмун жайгашса, үчүнчү орунду Түштүк Кореянын "Ульсан Хёндэ" футболдук клубунун чабуулчусу Жуниор Неграо ээледи.

Азиянын мыкты футболчусун аныктоо 2013-жылдан бери уюштурулуп келет. Эң алгач бул сыйлыкты ошол кезде москвалык "ЦСКА" клубунун япониялык чабуулчусу Кейсуке Хонда жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан