Өзбекстандын Самарканд облусунда автоунаалардын номерлерин сатуу боюнча онлайн аукциондо коду 30 Z 777 ZZ болгон мамлекеттик номери 596 жарым миллион сумга (57 миң АКШ долларына жакын) сатылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Мындан тышкары, "кооз" унаа номеринин ээси транзакция үчүн 29 миллион сум
(2 миң 800 доллар) өлчөмүндө комиссияга төлөшү керек. Номер 2020-жылдын 14-декабрында аукционго коюлуп, баштапкы баасы 111 жарым миллион сум (болжол менен 11 миң доллар) болгон.
"Өткөн жылы Өзбекстанда эң кымбат номер 206 миллион 700 миң сумга (болжол менен 20 миң доллар) сатылган. Ноябрь айында Өзбекстан өкмөтү унаа ээлерине ар кандай тамгалардын айкалышы менен унаа номерлерине буюртма берүү укугун берген токтом кабыл алган. Июнь айында "кооз" номерлердин категорияларынын саны үчтөн алтыга көбөйтүлдү", - деп жазылат маалыматта.