Тоолуу Карабахта издөө иштеринин натыйжасында Армения тараптан миңден ашык кишинин сөөгү табылды

Тоолуу Карабах Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери аймактагы жаңжалдын курчушу учурунда каза болгон 1 миң 184 армениялыктардын сөөгүн табышты. Бул тууралуу министрликтин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.

"4-январга карата жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Армения тараптан 1 миң 184 адамдын сөөктөрү табылды", - деп жазылат маалыматта.

Белгиленгендей, 3-4-январь күндөрү куткаруучулар согуштук зонада курман болгондордун 29унун сөөгүн табышкан, алардын төртөө карапайым адамдар. Издөө иштери дагы да уланып жатат.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан