КПЛ: "Алай" клубу грузиялык эки оюнчу менен келишим түздү

Оштун "Алай" футболдук клубу грузиялык эки футболчу менен келишим түздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Марат уулу Нуристан билдирди.

"Алай командасы 28 жаштагы коргоочу Торнике Жимшелеишвили жана 30 жаштагы дарбазачы Давид Купатадзе менен келишимге кол койду. Эки оюнчу тең грузиялык жана оюнчулар менен 1+1 келишими түзүлдү", - деп билдирди ал.

Торнике Жимшелеишвили буга чейин Грузиянын "Гурия" футболдук клубунда ойногон болсо, Давид Купатадзе Грузиянын "Сабуртало" командасында ойногон. Купатадзе АФК Кубогунун оюндарында "Худжанд" командасынын курамында "Алтын Асыр", "Ахал" жана "Дордой" командалары менен болгон беттештерде оюн талаасына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан