Сокулук районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 29 жаштагы К. Азат аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрь күнү Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. 2-октябрь күнү Чүй ОИИБинин Баңгизаттын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан кармалган жарандын үйүнөн баңгизат жана Калашников автоматынын октору табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.