Ырчы, алып баруучу Сагын Эргешовго чет элдик журналдардын биринен модель болуу сунушу түштү. Бирок ырчы мындай сунуштан баш тартты. Себебин Сагын мырза төмөндөгүчө түшүндүрдү.
"Белгилүү журналдын жүзү болууга чакыруу келди. Буга менин чет өлкөлөрдө жүргөн жакын досум себепкер болду. Ал менин таанымал болуумду каалап, моделдик агенттиктерге, журналдарга сүрөтүмдү көрсөтүп жүрчү. Досумдун сунушунун аркасында мага Орусиядан, андан тышкары дагы бир чет мамлекеттен сунуш түштү.
Мени чакырган тараптын талаптары боюнча, ал жактан 1 жыл же 6 ай бою даярдыктан өтүшүм керек экен. Бир апта ойлонуп макулдугумду берген жокмун. Анткени 6 ай же 1 жыл бою чет өлкөдө жашоого каражат керек, анын үстүнө атам сыркоолоп жаткан. Үйдөгүлөр "атаң жакшы болгончо алыс кетпей турбайсыңбы" дешти. Буюрса, алдыда журналдар менен иштешем деп ойлойм", - деди ал.