Өзбекстанда насыбай сатууга тыюу салуу сунушталып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чара Алкоголь жана тамеки рыногун тескөө агенттигинин мыйзам долбоорунда каралган. Саламаттыкты сактоо министрлиги документ министрлер кабинетинин кароосуна берилгенин кабарлады.
"Министрлик колго жасалган насыбай чегүү калктын саламаттыгына, өлкө экономикасына зыян тийгизип жатканын белгилейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, өзбекстандык 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн 6 пайызы насыбай чегет. Кыргыз өлкөсүндө бул көрсөткүч 5,1 пайызды түзөт, Тажикстанда - 1,8 пайыз болсо, Казакстанда - 0,6, ал эми Түркмөнстанда - 0,2 пайызды түзөт", - деп жазылат маалыматта.
Насыбайды негизинен Борбор Азиянын жашоочулары көп колдонушат. Насыбай көбүнчө үй шартында жасалаары айтылат.