UFC уюмунун президенти Дана Уайт MMAFighting басылмасына берген маегинде америкалык мушкер Жастин Гэйтжинин кийинки атаандашы ким болорун айтты.
"Эгер баары ойдогудай болсо, анда Гэйтжинин кийинки атаандашы Чарльз Оливейра болушу мүмкүн", - деген Уайт.
Чарльз Оливейра былтыр декабрь айында өткөн UFC 256 турниринде Тони Фергюсонду жеңип алган. Ал эми Жастин Гэйтжи 2020-жылдын октябрь айында орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.
31 жаштагы Чарльз Оливейра карьерасында жалпы 39 беттеш өткөрсө, анын 30унда жеңүүчү аталып, 8 жолу жеңилүү ызасын тарткан жана 1 ирет тең чыккан.
32 жаштагы Жастин Гэйтжи карьерасында жалпы 25 беттеш өткөрсө, анын 22синде жеңүүчү аталып, 3 ирет жеңилүү ызасын тартып калган.