"Бир адам каза болду". Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтондогу Сенат залына кирип барышты

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтон шаарындагы Сенат залына кирип барышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Трамптын тарапташтары менен полиция кагылышып, жыйынтыгында бир адам каза болгон. Полиция кызматкерлери Сенат залынын ичинен көздөн жаш агызуучу жаз жана граната колдонушкан. Мындан улам Трамптын социалдык тармактагы бардык баракчалары блоктолду.

Башаламандыктардан улам Вашингтондун мэри жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн баштап коменданттык саат жарыялады. Өз кезегинде Трамп демонстранттарды тынчтыкта ​​иш алып барууга жана полицияны колдоого үндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2021-01-07 09:15:41
Күлгөнгө күлө жетесиң деген ушул. Кыргызстан тигиндей- мындай деп сөз кылган американы деле көрдүк.
+5
Real_mir
2021-01-07 09:42:53
Кыргыздар демократияга 1990 жылдары кошулуп 2005 жылы эле корсотуп койуптур демократиянын аягы эмне менен буторун, Америка эми жетип жатат
+6
Janyl98
2021-01-07 11:57:45
Трамп камалат окшойт.
+4
Ryokan
2021-01-07 15:46:21
Ана демократия,
+1
Salixa.
2021-01-07 19:23:11
Акыркы кездери демократия деген сөздүн маанисин ,басмачылык"деп түшүнө баштадым (((())))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан