UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко дүйнөдөгү ири спорттук басылмалардын бири болгон "ESPN MMA" басылмасы тарабынан 2020-жылдагы эң мыкты аял мушкер болуп табылды.
Ал эми эркектер арасында 2020-жылдагы мыкты мушкер болуп бразилиялык Дейвесон Фигередо табылды.
22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет татыктуу коргоп калган.