Орусиянын Иркутск шаарында 2-октябрь күнү талап-тоноо кылмышына шектелип эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жарыялашты. Полиция тарабынан кармалган 29 жана 30 жаштагы Кыргызстандын жарандары ушул жылдын 16-сентябрь күнү “Руслото” клубуна курал жана темир металл менен тоноочулукка кирип, ал жерден 270 миң рубль алып кетишкен. Кармалган жарандар тоногон акчаларын кумар оюндарына коротушканы айтылды.