Бүгүн, 3-октябрь күнү саат 12:59да Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчтүү бөлүгү Кытайда катталды. Кыргызстан аймагында мунун кесепетинен кыйроолор болгон жок.