"CIES Football Observatory" басылмасы дүйнөдөгү эң кымбат футболчу деп Англиянын "Манчестер Юнайтед" командасынын чабуулчусу Маркус Рашфордду тапты. Бул тууралуу аталган басылманын сайты маалымат жарыялады.
Рейтингде биринчи орунду Англиянын "Манчестер Юнайтед" курама командасынын чабуулчусу, 23 жаштагы Маркус Рашфорд ээлеген. Анын баасы 165 миллион 6 миң еврого бааланган. Ал эми андан кийинки орунду "Боруссия Дортмунддун" чабуулчусу норвегиялык Эрлинг Холланд тандалып, анын баасы 152 миллион еврого бааланса, "Ливерпулдун" англиялык коргоочусу Трент Александр-Арнольд 151 миллион 6 миң еврого бааланган.
Ал эми "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси 97-орунду ээлеген. Анын баасы 54 миллион еврого бааланган. "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду 47 миллион еврого бааланып, 131-орунду ээлегени жазылат сайттын маалыматында.
"Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу, Улуу Британиялык футболчу Маркус Рашфорд Англиянын эң жаш оюнчусу жана Премьер-Лиганын жылдызы. Аны "кызыл шайтандын баласы" деп аташат. Анткени Британиянын титулдуу жана эң эски клубунун академиясы болочок жылдызын 7 жашынан баштап тарбиялаган.