Хабиб Нурмагомедовго Флойд Мейвезер менен беттешке чыгыш үчүн 100 миллион доллар сунушташканы белгилүү болду

UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго дагы бир атактуу америкалык мушкер Флойд Мейвезер менен беттешке чыгыш үчүн 100 миллион доллар сунушталды. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз билдирген.

"Мейвезер менен беттеш үчүн бизге 100 миллион доллар сунушташты. Дана Уайт муну уюштуруш үчүн аракет кылып жатат. Бирок билесиңерби? Хабиб ММА мушкери. Эгерде Флойд ММА эрежелери менен мушташкысы келсе Хабиб ага эч кандай мүмкүнчүлүк бербейт", - деген Абдель-Азиз.

32 жаштагы Хабиб Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

43 жаштагы Мейвезер карьерасын 1996-жылы баштаган. Ал акыркы беттешин 2017-жылдын август айында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго каршы өткөрүп, техникалык нокаут менен жеңип алган. Мейвезер жалпы карьерасында 50 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен (анын 27си нокаут менен).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurik73
2021-01-08 09:30:43
Флойд легенда. Ал женилишин элестетуу мумкун эмес. Мен озум спортчу катары экоону тен сыйлайм.
+1
lenovo820
2021-01-10 16:45:59
nurik73, коойчаай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан