6-январь күнү Дагестандын Тарки айылындагы массалык мушташтан улам эки ММА мушкери каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүп жаткан жергиликтүү тургундун өлтүрүлүшүнө байланыштуу 6-январда айылда элдик жыйын болгон. Жыйында катышуучулар менен жабырлануучу тараптын ортосунда массалык мушташ чыгып, андан 36 жаштагы мушкер Керим Хайрулаев далысына сайылган бычактан улам каза болгон.
Кийинчерээк мушташтын дагы бир катышуучусу Рамазан Амиров алган жаракатынан улам кечээ, 7-январда ооруканадан каза болгон.
Бул окуяга байланыштуу 10 адам кармалып, кылмыш иши козголду.