Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 28 каракчылык кылмышы катталды

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 28 каракчылык кылмышы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБи билдирет. Катталган кылмыштардын баарынын бети ачылган. Жакында эле Аксы районунун 20 жаштагы тургуну каракчылык кылып кармалды. Ал өзүнүн айылдашынын үйүнө кирип, андан акча жана зер буюмдарын талап кылган. Каракчы чүмбөтчөн болгонуна карабай, жабырлануучу айым аны үнүнөн таанып калган. Учурда шектүү жаран кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан