"Кыргыз боордоштор көп каражат сарптабай сапаттуу тасма тартса болорун көрсөттү". Казак президентинин айткандары боюнча Садык Шер-Нияздын пикири

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз кинематографисттери тарткан "Курманжан датка" фильмине баа бергени кабарланган. Жакында коңшу өлкөнүн президенти жергиликтүү телеканалдарга тарыхый тасмаларды тартууну тапшырып, "Курманжан датка" тасмасын дагы бир жолу мисал кыла кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
"Тиешелүү кызматтарга жана телеканалдарга тарыхый темаларга басым жасап, ошол жаатка ыктоону тапшырам. Ал үчүн каржы маселесин чечишибиз керек албетте. Биздин кыргыз боордошторубуз "Курманжан датка" тасмасы аркылуу көп каражат сарптабай эле сапаттуу тасма тартса болорун көрсөтүштү", - деген Токаев.
Бул маалыматтан кийин "Курманжан датка" тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз өзүнүн пикирин айтып чыкты.
"Тасманын тартылганына 7 жыл өтсө да мындай сөздөрдү угуу жагымдуу (болгондо да Казак элинин президентинен). Көптөгөн сценалар убакыттын тардыгынан ошондо фильмге батпай калды эле. Быйыл ошолорду кошуп сериал вариантын жасап элге сунуштап көрсөкпү деп да ойлоп кетем. Ансыз деле шайлоо деп жүрүп, 30 жылдык эгемен майрамыбызга бир тарыхый чоң тасма жөнүндө ойлоно албай калдык", - деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Batma.Sh
2021-01-08 14:44:27
Сиз өтө чыгаан чыгармачыл адамсыз.Дагы деле телеканалдардан көрүп калсам,олтура калам,көргөнү.Эң сонун тартылган,тарыхый көркөм тасма.
Сасык саясат сиз үчүн эмес!!
+7
Mirnar
2021-01-09 16:25:57
Эн туура ойлонуптурсуз. Тарыхий кинолор бир жылда бир жолу тартылып турсада сонун болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан