UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун бир тууган эжеси, UFC мушкери Антонина Шевченко социалдык тармактагы баракчасына кезектеги сүрөтүн жарыялады.
Мушкер айымдын сүрөтүнө көпчүлүк суктанып, "Темир муштумдуу сулуу бийкеч", "UFC уюмундагы эң сулуу мушкер айым", "Сизди мушкер деп ким айтат? Сиз моделдердей эле сулуу экенсиз" деген пикирлерин жазышууда.
22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан UFC 255 турниринде Антонина Шевченко бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски аттуу мушкер айым менен кез келип, техникалык нокаут менен жеңип алган.