Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 27 жаштагы Кыргызстандын жараны каза болуп, баласы балдар үйүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Каза болгон А.Н. аттуу айым Ош облусундагы Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулгандыгы белгилүү болду. Дарыгерлер ага "көчөдө кокустан жыгылганда мээсине кан куюлуп кеткен" деген диагноз коюшуптур. Аял каза болгондон кийин жаш баласы балдар үйүнө өткөрүлүп, балдар үйүнүн жетекчилиги "баланы атасы келсе гана беребиз" дешүүдө.