"Сөзсүз жеңишке жетебиз". Курсан Асанов шайлоого үй-бүлөсү менен келип добуш берди (фото)

Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Президенттикке талапкерлердин бири Курсан Асанов Бишкек шаарындагы №1332 шайлоо тилкесине жубайы, кызы менен келип добуш берди.

"Учурдан пайдаланып жалпы кыргыз элин бүгүнкү тандоо күнү менен куттуктайм. Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы жаңы барак ачылат. Маанайым абдан жакшы. Элимдин жана Жаратканымдын колдоосу менен бүгүнкү шайлоодо сөзсүз түрдө жеңишке жетебиз деп ойлойм.

Менин командам 7 дубанда бар жана алардын баары жаштар. Биздин команда жалпы 44 райондо иштеп жатат. Жыйынтыгы сөзсүз жакшы болот деген ишеничтемин. Мен жеңишке сөзсүз түрдө жетишем. Бар болуңуздар, аман болуңуздар", - деди Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-01-10 11:51:59
Сени кимшайлайт экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан