БШКнын мүчөсү: "Бүгүн 11 мыйзам бузуу боюнча кайрылуу келип түштү"

Бүгүн 11 мыйзам бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

"Саат 11:45ке карата 11 кайрылуу түштү. Көпчүлүгү техникалык бузуулар боюнча кайрылуу болду. Бул кемчиликтер жоюлду. Эч кандай басым болбой, жарандардын укугу бузулбаш керек. Одоно мыйзам бузуулар болсо ошол шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыгарылат", - деди ал.

Шайлоо компаниясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин 61 кайрылуу түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан