Шайлоого катыша албай калган шоу-бизнес өкүлдөрү. Айпери Кубик кызы сыркоолоп калса, Джонни тоодо эс алууда

Өлкөдө бүгүн, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Анда маданият, шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы жарандык милдетин аткарып өздөрү катталган шайлоо тилкелерине барып, добуш берип жатышат. Айрымдары жүйөөлүү себептерден улам шайлоого катыша алышкан эмес. SUPER.KG порталы өз добушун бере албай калган өнөр адамдарын тизмектеп көрдү.

Ырчы түгөйлөр Аваз Акимов жана Айдана Дека каттолору Өзгөн районунда жана Ысык-Көл облусунда болуп, ал эми өздөрү Бишкек шаарда болгондуктан, шайлоого катышкан жок. "Жакындарыбыздын тандоосу биздин да тандообуз" деп билдиришти ырчылар.

Ырчы Джонни учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында лыжа тээп жубайы менен эс алып жүрөт. "Эс алуу сонун өтүп жатат, тоо башында жүргөнүбүзгө байланыштуу бүгүн шайлоого катыша алган жокбуз" деди ырчы.

Учурда АКШда жашап, чыгармачылыгын улантып келе жаткан ырчы Эрлан Андашев менен да кабарлашып көрдүк. Ал учурда жумушта жүргөнүнө байланыштуу шайлоого катыша албаганын айтты. "Эгер мүмкүнчүлүк болсо, өлкө келечегине кайдыгер карабастан өз добушун ар бир жаран берсин" деген оюн айтат.

"Өлкөбүздүн келечеги чечилип жаткан ар бир шайлоого катышып келем, бирок бүгүн катыша албай калдым. Себеби сыркоолоп турам", - деди Айпери Кубик кызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Muslim_KGstana.
2021-01-10 18:06:29
Уят э,мамлекет учун тоодо эс алып журом дебей патриот болуп шайлоого катышкыла да э.
Элдер олобуз деп тандоо кылышса, силер да олосунорбу????
+7
gafurova01
2021-01-10 18:45:03
Muslim_KGstana.,кичине жоопкерчиликти сезишсе болмок. Мекени, элинин тагдыры кызык эмес окшойт. Жүйөлүү себеп болсо болуптур эми, а эс алып жүргөндөргө жиниң келет да
+2
madrid7000
2021-01-10 18:27:32
Ушул Жони деген немени тааныбайт экенмин.Беркилери тааныш, коруп журобуз, ырларын угуп журобуз. Ушул Жони Ырчыбы, же тамадабы билбейм жони-жони-жони эле дешет.
-1
jokebai
2021-01-10 20:25:09
Джоноиге кыргызстандын келечеги кызыктырбайткенда чурбанга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан