UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов футбол жылдызы Криштиану Роналду менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Мындай видеону Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу Ислам Махачев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Видеодо көрүнгөндөй мушкер менен футболчу видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн. Криштиану Роналдунун жанында анын улуу баласын көрүүгө болот. Эки атактуунун эмне жөнүндө сүйлөшкөнү азырынча белгисиз.
32 жаштагы Хабиб Нурмагомедов менен Криштиану Роналду бири-бирин дайыма колдоп келери көпчүлүк спорт сүйүүчүлөрүнө маалым.