
Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участкалары саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.
Учурда АКШда үй-бүлөсү менен жүргөн ырчы Мирбек Атабеков шайлоо тууралуу өзүнүн пикирин айтып чыкты.
"Эл кандай болсо башкаруучусу да ошондой болот! Президенттерди болушунча баарыбыз жамандадык, нааразы болдук. Бирок ошолорго добуш берип, президент кылган өзүбүз. Демек, өзүбүздө да күнөө бар. Бул ирет деле үгүт иштерине ким көп каражат сарптаса ошол өтөт болуш керек, тилекке каршы.
Садыр Жапаровду мактагандан, бир нерсе дегенден алысмын. Баарыбыз өлкөнүн өнүгүүсүн каалайбыз. Эгер үмүттөрүбүздү актаса мен кубанычта гана болом. "Кандай болсоңор ошондой башкарыласыңар же өзүңөргө жараша башчы келет" деген сөз бар. Ылайым өзгөрүүнү өзүбүздөн баштап, өзгөлөргө үлгү болуп, бийиктерге чыгалы. Баарын убакыт, мезгил, тарых таразалайт", - деп айтылат ырчынын билдирүүсүндө.