Кыргызстанда акыркы суткада 21 өрт кырсыгы катталды. Жалал-Абад облусунда 6, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 5, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Бишкек шаарында 2 өрт кырсыгы орун алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кырсыктын бул түрүнөн каза тапкандар жок.