Президенттикке талапкер Садыр Жапаров өзүнүн штабында маалымат жыйын берүүдө.
Анда ал ага добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирип өттү.
"Мен оор абалда бийликке келдим. Мен аракетимди кылам. Биз мурдагы бийликтин катасын кайталабоого аракетибизди көрөбүз. Бул элдин талабы. Аянтка чыккан эле люстрация мыйзамын талап кылгансынар. Эгер мен кыялдарымды ишке ашыра албай калсам мени атам, апам баламдын арбагы кечирбес",- деди ал