Тимур Файзиевдин 100 000 долларына ким ээ болот?

Тимур Файзиевдин 100 000 доллары кимге буйруйт?

Өткөн жылдын аягында өлкөдө “Бизнес Өкүл Ата” аттуу уникалдуу социалдык долбоор башталган. Социалдык реалити-шоунун уюштуруучусу жеке ишкер, коомдук ишмер, Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев. Ал бизнес идеясына 100 000 долларга чейин инвестиция кылат.

Тимур Файзиев кризис учурун жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили деп эсептейт. Ошондуктан ал “Бизнес Өкүл Ата” долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын ушул убакытты тандап алган. Анткени азыркы тапта өлкө оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. "Пандемиянын кесепетинен ата мекендик ишкерлер чоң зыян тартышты, көптөгөн ишканалар таптакыр иштебей жабылууга дуушар болду".

Т.Файзиевдин айтымында, ал мындай долбоорду ишке ашыруу идеясы көптөн бери ойлонуп келген. “Адамдар мага көп учурда бизнес жаатында кеңеш сурап, жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Мындан улам долбоордун аталышы “Бизнес Өкүл Ата” деп коюлган”.

Сынакка Кыргыз Республикасынын 18 жаштан жогорку каалаган жараны катыша алат. Реалити-шоуга арыз берүү шарттары бир топ жөнөкөй эле: бизнес идеяңызды баяндаган анкета жөнөтүңүз. Алардын ичинен мыктылардын авторлору Тимур Файзиев жана Кыргыз өлкөсүнүн күчтүү устаттары Асел Сыдыкова, Айбек Жангазиев жана башкалардын жетекчилиги астында тандалат. Долбоордун алып баруучулары Урмат Борченов жана Айгүл Курманова. “Бизнес Өкүл Ата” реалити-шоусунун жеңүүчүсү өзүнүн бизнес идеясын ишке ашыруу үчүн инвестиция алат жана анын бизнес шериги Тимур Файзиев болот.

Уюштуруучулардын айтымында, долбоор коомчулукта чоң кызыгууну жараткан. Сайтка 37 миңден ашык жаран катталса, долбоорго катышуу үчүн 3 миң 500 арыз келип түшкөн.

Катышууну каалагандардын аймагы да өтө кеңири болгон. Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарынан жана коңшу мамлекеттерден - Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан атайын долбоорго катышуу үчүн арыздар келип түшкөн. АКШ, Канада, Франция, Корея жана Япониядан келген мекендештерибиз да активдүү катышкан.

Чет элдик жарандардан арыздар келип түшкөн, бирок “Бизнес Өкүл Ата” долбоорунун негизги максаты - ата мекендик бизнести колдоо. Демек, долбоорго бир гана кыргызстандыктар катыша алат. Ошондой эле шоунун жеңүүчүсү өзүнүн бизнес долбоорун Кыргыз өлкөсүндө ишке ашырышы керек.

11-январда саат 22:15те КТРК телеканалынын көрүүчүлөрү Кыргыз өлкөсү үчүн уникалдуу “Бизнес Өкүл Ата” реалити-шоусунун бет ачарын көрө алышат. Ар дүйшөмбү күнү көрсөтүлгөн убакытта долбоордун кезектеги чыгарылышы чыгат.

“Бизнес Өкүл Ата” реалити-шоусунун бардык чыгарылыштары жана жаңылыктары Тимур Файзиевдин YouTube жана Instagramдагы расмий баракчаларында да жеткиликтүү болот. Эч нерсени өткөрүп жибербөө үчүн жазылыңыз.

“Бизнес Өкүл Ата” социалдык реалити-шоусунун башкы өнөктөшү - бул Elite House курулуш компаниясы.

Медиа өнөктөш - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан