Бишкекте 8-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда салттуу футзал боюнча "Наристе-2021" мелдеши аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу сыйлоо аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, уюштуруу комитеттин өкүлдөрү жана мелдештин калыстары катышты.
Футзал боюнча "Наристе-2021" мелдешине жалпысынан 57 команда катышты. Турнир төрт тайпада өткөрүлдү: мамлекеттик органдардын арасында, 35-жаштан улуу, 45-жаштан улуу жана 50-жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында.
Мелдеш футзалды туруктуу өнүктүрүү жана аны республикада жайылтуу максатында өткөрүлдү. Иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду. Мелдештин жыйынтыктары:
Мамлекеттик органдардын арасында;
1-орун "Ички иштер министирлиги"
2-орун "Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат"
3-орун "Мамлекеттик салык кызматы"
Номинациялардын жеңүүчүлөрү:
"Мыкты дарбазачы" - Актан Сейтахунов , ЖАМК
"Мыкты оюнчу" - Бакыт, Токтакунов, ИИМ
"Мыкты бомбардир" - Эрзат Аралбаев, МСК
"Мыкты менеджер" - Мирбек Аманов , Сокулук МРА.
35-жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында:
1-орун "Фарватер"
2-орун "Налоговик"
3-орун "Регион 09".
Номинациялардын жеңүүчүлөрү:
"Мыкты дарбазачы" - Санжар Калдаров, Беловодск
"Мыкты оюнчу" - Рустам Исаев, Регион 09
"Мыкты бомбардир" - Марат Дуванаев, Налоговик
"Мыкты менеджер" - Айтбек Оболбек уулу, Фарватер.
45-жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында:
1-орун "Алга Дордой"
2-орун "Акжол"
3-орун "Чүй".
Номинациялардын жеңүүчүлөрү:
"Мыкты дарбазачы" - Мирлан, Байчериков, Чүй
"Мыкты оюнч" - Жеңиш Маматов, Алга Дордой
"Мыкты бомбардир" - Каныбек Пусурманов, Лейлек
"Мыкты менеджер" - Бакыт Жаркынбаев, Акжол.
50 жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында:
1-орун "Ала-Тоо Нарын КАН"
2-орун "Фарватер"
3-орун "Восток Премиум".
Номинациялардын жеңүүчүлөрү:
"Мыкты дарбазачы" - Таалай Джанузаков, Фарватер
"Мыкты оюнчу" - Бекболот Бекиев, Алтын-Топ-2
"Мыкты бомбардир" - Олег Гевленко, Восток Премиум
"Мыкты менеджер" - Таалай Куттубаев, Ала-Тоо Нарын КАН.
Мелдештин "Мыкты калысы" - Калыбек Назарбек уулу.