
Ырчы Дайыр Исмадияров жаңы темир тулпарлуу болду. 15 жылдан бери рулда жүргөн ырчы "канчанчы унаам экенин билбейм деле, балким, онунчу" дейт.
Айтымында, Жаңы жылда өзүнө-өзү белек кылып унаа алды.
"Унаанын модели Тойота Камри, жылы жаңы. Канчага алганымды жарыялабай эле коёюн. Мен чоң машиналарга, тагыраагы, жол тандабастарга кызыкпайм. Мага унаа кичинекей, анан ыңгайлуу болсо болду. Унааны негизи дүнүйө катары көрбөйм", - деди ырчы.