Бишкек шаарында жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда Жогорку Сотто, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 5-январдагы жарлыктары менен Бишкек шаарынын Октябрь, Свердлов, Ленин райондук сотунан жана Ысык-Көл, Нарын облустук сотунан судьялар дайындалды.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Алтынбек Түмөнов курагынын чегине жеткенге чейин дайындалды.
Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялары болуп дайындалышты. Алар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна Айдай Жарматова, Мирлан Жолдошбаев, Свердлов райондук сотуна Таалайбек Абыкеев, Лейла Байдаева, Ленин райондук сотуна Мелис Өмүралиев, Марлен Тентимишов дайындалды. Ал эми Ысык-Көл облустук сотуна Бермет Мырзаканова, Нарын облустук сотуна Замир Алыбаев бекитилди.
"Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды", - деп жазылат маалыматта.