super.kg logo

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору: "Күйүүчү майдын наркы кымбаттайт деген маалымат жалган"

 

Бүгүн, 12-январда "Ыш көйгөйү, кайсы мамлекеттик органдар элди ууландырууда, алар кимдин кызыкчылыгына иштейт?" аталышындагы маалымат жыйын өттү.

Ага Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов жана "Жашыл Энергетика" коомдук фондунун төрайымы Анара Султангазиева катышты.

Алар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын абанын булганышына болгон жоопкерчиликсиз мамилесине байланыштуу маалымат жыйын берүүнү чечишкен.

Ал эми маалымат жыйында Канат Эшатов күйүүчү май тууралуу Экономика министрлиги туура эмес маалымат берип, элди дүрбөлөңгө салып жатканын билдирди.

"Буга чейин Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз өлкөсүндө техникалык регламент күчүнө кире турган болсо, анда күйүүчү майлардын баасы 7 сомдон 15 сомго чейин жогорулайт деген жарыялоо болгон. Биз бүгүн ушул маселеге да токтолууну туура көрдүк. Анда экономика министринин кеңешчиси ушундай маалымат берген, бул элди дүрбөлөңгө салып жатат, маалымат туура эмес. Техникалык регламенттин күчүнө киргенине 2 жылдай болуп калды. Мындан тышкары эч кандай кымбаттоо күтүлбөйт. Анткени бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүнүн аймагында К4, К5 үлгүсүндөгү мунайзаттары 2015-жылдан тартып сатылып келет. Май куюучу станциялардын жанына барып карасаңар 92 үлгүсүндөгү бензин анын жанында К4 же К5 деп жазылып турат, муну дүмүрчөктөн деле көрсөңөр болот.

Министрлик туура эмес маалымат берип жатышат. Бул боюнча биз экономика министрлигинин өкүлдөрү менен жолуктук, аларга премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдон жаңы жылга чейин ушул маселени карап чыккыла деген тапшырма түшүптүр. Биз болсо нефти заводдорго каршы эместигибизди билдирип, аларды оңдогула, модернизациядан өткөргүлө жогорку экологиялык сапаттагы мунайзаттарды чыгарсын деген пикирибизди билдиргенден кийин деле туура эмес маалымат берип жатышат. Эгерде бир мамлекеттик орган, тагыраагы, Экономика министрлиги техникалык регламент бүгүнкү күндө иштеп жатат десе, Өнөр-жай жана энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жыл сайын Орусия менен бирге баланска кол коёт. Анда бизге Кыргыз өлкөсүнө ташылып келчү күйүүчү майлардын көлөмү бекитилет, ал жерде класстары баары жазылат. Мисалы, 2021-жылга К2, К3 жана андан ылдыйкы сапаттагы мунайзаттарды алып келүүгө мүмкүн деп жазып жатышат. Негизи мындай класстагы күйүүчү майды алып келүүгө тыюу салынган", - деп билдирди Эшатов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159262;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: