Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аскадан аркан менен секирген видеосун өзүнүн Инстаграм баракчасына жүктөдү.
Эл өкүлү экстремалдуу нерселерди жактырарын жана жип менен алгачкы жолу секирип жаткандыгын айткан.
"Мага экстремалдуу нерселер жагат. Келе жатканда бир аз коркунучтуу болгон. Алгачкы ирет секирип жатсам дагы жагып жатат", - деген Бекешев.
"Роуп-жампинг" - аркан менен аскадан секирүү спорттун экстремалдуу түрүнө кирет.