Вице-мэр: "Коомдук транспорттун тарифин көтөрүү дароо чечиле турган маселе эмес"

Бүгүн, 12-январда шаардык мэрияда Бишкек шаардык кеңештин өкүлдөрү коомдук траспорттордун айдоочулары менен жыйын өткөрүшүүдө. Анда тарифтер, схемалар боюнча көйгөйлөр айтылууда.

Айдоочулар коомдук транспорттун тарифин көтөрүү маселесин айтып, чечүү жолдорун сурашты.

"Акыркы жолу коомдук транспорттун тарифи 2012-жылы өзгөргөн. Бирок мындай суроо дароо эле чечиле калчу маселе эмес. Сиздер тарифтерди көтөрүүнү каалап жатасыздар. Сиздердин дагы балдарыңыздар бар. Алар деле башка кичи унааларга олтурат да. Азыр сиздер жаңы эле эл тынч алып, пандемиядан кийин балдар мектепке барганы жаткан учурда бул көйгөйдү көтөрүп чыгып жатасыздар", - деди Азизбек Алымкулов.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-01-12 20:45:21
Свети,жол кирени көтөрбөсө автобус, ГЭСтерди карызга алып жүрө беребиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан